Тажикстандын экстремисттик топторго кошулган 163 жараны мекенине кайтып келди
Душанбенин тургуну Дилшод Жураев - Ирактан өз эрки менен келип, өкүнүчүн билдиргендердин бири
Быйыл тогуз айдын ичинде экстремисттик топтордун катарына кошулуп кеткен 163 тажик жараны мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Тажикстандын ички иштер министринин кеңешчилеринин бири Кудратулло Гуломов билдирди.
Анын айтымында, алар буга чейин «Ислам мамлекети», «Салафия», «Группа 24» жана «Ансоруллох» сыяктуу экстремисттик топтордун мүчөлөрү болушкан. Мындан тышкары быйыл чет өлкөлөрдөгү ислам университеттеринде мыйзамсыз окуп жүргөн тажикстандыктардын 68и мекенине кайра келген.
«Министрлик экстремисттик топторго кошулуп кеткен жарандарды мекенине кайтаруу үчүн тынч жашоо образын пропагандалоо жана адашып туура эмес жолго түшкөн жарандардын туугандары менен жолугушууларды өткөрүү жолун тандап алган. Жолугушуулардын жүрүшүндө эгер жарандар өз эрктери менен Тажикстанга кайтып келип, өкүнүчтөрүн билдиришсе, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотула тургандыгы түшүндүрүлүүдө», — деди министрдин кеңешчиси.
Тажик бийлигинин быйыл сентябрда жарыяланган маалыматы боюнча өлкөнүн 1900 жараны Сирия менен Иракка барып, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулуп кетишкен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53