KELECHEK
rek

Орусияда кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканы айтылууда

Орусияда кыргызстандыктар менен казакстандыктар мушташканы айтылууда

Амур газды кайра иштетүүчү заводдо 22-ноябрда жумушчулар тобу жапырт мушташты. Калайманга кыргызстандыктар менен казакстандыктар катышкан. Бул тууралуу  AmurNews.ru сайты билдирет.

Алдын ала маалыматтар боюнча жаңжал турмуштук маселелерден улам чыккан. Урушка катышкандардын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат. Социалдык түйүндөрдө мушташтын видеосу тарады. Аны Инстаграммга svbnews аттуу колдонуучу жайгаштырган.

Билдирүүдө: «22-ноябрда заводдун четиндеги CPECC жана Yamata компанияларынын имараттары жайгашкан аймакта жаңжал чыккан. Yamata компаниясынын жумушчулары- казакстандык жарандар кыргызстандыктар менен талашып-тартышып кетишкен. Жыйынтыгында кызматкерлердин бири реанимацияга жөнөтүлдү, экинчисинин ээгине таш тийди», - деп айтылат.

Амур облусунун ички иштер башкармалыгы бул маалыматты тастыктады. Полиция жаңжал учурунда 18 жаштагы жигит катуу жаракат алганын кошумчалады. “Адам ден соолугуна атайлап залака келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жумушчу кармалды. Ал тергөө абагына жеткирилди.

Мындан тышкары ишкананын 19 жаштагы жумушчусу да жаракат алган. Бул факт боюнча «Уруп-согуу же башка зомбулук аракеттер» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда окуянын чоо жайы иликтенүүдө, тергөө уланууда.​

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...