KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР БАКЧАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛЕТ

ЖАЛАЛ-АБАД: БАЛДАР БАКЧАЛАРЫ ТЕКШЕРИЛЕТ

Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлери квалификациялык даярдыгы жагынан текшерилет. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Бүгүн шаар мэринин шаар аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгектен кызматкерлердин квалификациясын текшерүү боюнча атайын буйругу чыкты.

- Бул буйрук шаардагы №21 балдар бакчасында тарбиячы менен бала багуучунун наристеге орой мамилесинен улам чыгарылды. Буйрук боюнча атайын текшерүү тобу уюштурулду, ага шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри башчылык кылып, курамында 5 адис бар. Текшерүү тобу үч күн ичинде өз милдетин аткарып, жыйынтыгын мэрияга берүүсү милдеттендирилди. Максатыбыз – балдар бакчаларында терс көрүнүштөрдү мындан ары болтурбоо жана алдын алуу, ага карата анда иштеген кызматкерлердин даярдыгын көзөмөлгө алуу болуп саналат, - дейт шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков.

Эскерте кетсек, интернеттин социалдык тармактарында балдар бакчаларынын биринде тарбиячы менен ала багуучу наристеге орой мамиле жасаган видео-тасма таркаган. Ал окуя Жалал-Абад шаарындагы №21 балдар бакчасында болгону аныкталып, тарбиячы менен бала багуучу кызматынан бошотулду жана балдар бакчасынын башчысына сөгүш жарыяланды. Азыркы тапта бул иш боюнча ички иштер органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30