KELECHEK
rek

Тажикстан интернет ылдамдыгы боюнча эң акыркы орунда жайгашты

Тажикстан интернет ылдамдыгы боюнча эң акыркы орунда жайгашты

Тажикстан интернет ылдамдыгы боюнча 124 өлкөнүн ичинен эң начар деп табылды. Speedtest Global Index рейтингинде Тажикстан эң акыркы орунда жайгашкан.

2018-жылдын октябрь айында жаңыланган рейтингде Тажикстан Ооганстан, Ирак, Алжир жана Венесуэла менен бир катарда турат. Борбор Азияда мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Казакстан – 74, Кыргызстан – 94, Өзбекстан 110-орунда.

Мындан тышкары зымдуу интернет ылдамдык боюнча да маалыматтар бар. Бирок Тажикстан бул рейтингде көрсөтүлгөн эмес. Казакстан зымдуу интернет боюнча 58 орунда жайгашкан. Кыргызстан – 79, Өзбекстан 112-позицияны ээлеген.

Тажикстанда колдонуучулар интернет ылдамдыгынын начар экенине даттанып келишет. Жыл башынан бери интернет Бирдиктүү коммуникациялык борбор аркылуу бериле баштагандан бери ого бетер жай иштеп калган.

Бул арада тажик бийлиги эки жума мурун Фейсбук, Одноклассник социалдык түйүндөрүн жана Youtube порталын да жаап койгон. Viber, What's App жана Telegram мессенжерлерине да чектөө киргизилген.

Тажикстанда быйыл “Терроризм менен күрөшүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, укук коргоо органдары телефондук байланыш жана интернетке чектөө киргизүүгө укук алышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...