Өзбекстан адам укуктары жаатында бейөкмөт уюмдар менен кызматташат
Өзбекстан өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдар, аралык институттар менен “конструктивдүү диалогду” улантып, адам укуктары жаатында өнөктөштүктү кеңейтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 22-ноябрда Самаркандда өткөн Адам укуктары боюнча Азия форумунда билдирди.
“Биздин негизги приоритеттер – адамдын негизги укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо. Тынчтык, туруктуулук жана бакубатчылык дал ушул нерседен көз каранды”, – деди Мирзиёев.
Президент 70 жыл мурун кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы бүткүл дүйнөдө гуманизм жана демократия принциптерин бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн белгиледи. Ошол эле маалда бул позитивдүү жараянга куралдуу жаңжалдар, улут аралык жана диний келишпестиктер тоскоолдук жаратып жатканын айтты.
Шавкат Мирзиёев качкындар көбөйүп, билим жана медициналык жардам алуу кыйын болуп жаткан маалда четте карап туруу мүмкүн эмес экенин, тең укуктуулукту камсыздоо аркылуу жакырчылык менен ачарчылыкты жеңүү зарылдыгын кошумчалады.
Адам укуктары боюнча Азия форуму биринчи жолу өтүүдө. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев май айында АКШга барганда иш-чараны Самаркандда өткөрүүнү демилгелеген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









