KELECHEK
rek

Борбор Азиядагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларга 85 миллион доллар керек

Борбор Азиядагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларга 85 миллион доллар керек

Борбор Азиядагы, анын ичинде Миң-Куш жана Майлуу-Суудагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларды реабилитациялоого 85 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу журналисттер менен өткөн брифингде Еврокомиссиянын башкы программалык менеджери Мартин Андерсен билдирди.

Анын айтымында, 30 миллион доллар чогулду. “Дагы 50 миллион керек. Бирок биз бул акча качан топтолот деп күтүп отура бербейбиз. Пландар даяр. Бизде фонд бар. Жер титирөө болуп, радиациянын чыгышын күтүп тура албайбыз. Эл аралык донорлор өз милдеттемелерин аткарса дейбиз. Борбор Азияда чыныгы иштер жана натыйжалар болуп жатканын көрүшсө, алар да бул ишке кошулушат”, - деди Андерсен.

Буга чейин Европа Биримдиги Фергана өрөөнүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо долбооруна 10 миллион евро бөлөрү кабарланган.

Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга бөлүнүп бериле турган бул каражат уран калдыктары сакталып жаткан жети аймакта экологиялык кырсыктарды алдын алууга, зыянды азайтууга жумшалат.

Буга чейин Европа Биримдиги 16 миллион евро берген болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда уулуу жана радиоактивдүү заттар көмүлгөн 92 жай бар. Алардын 36сы Майлуу-Суу шаарында жайгашкан. Алардын 23үндө уран, оор металлдар жана цианид калдыктары бар. Уулуу жана коркунучтуу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион кубметрди түзөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38