«Ата Мекен» Текебаевдин иши боюнча президентке кайрылды
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары 21-ноябрда Жогорку Кеңеште басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Алар партиянын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароону өтүнүп, президентке кайрылуу кабыл алышты. Кайрылууну фракция лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов окуп берди.
Анда Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун камакка алууда башкы күбө болгон орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин Москвада алдамчылык үчүн шекүү катары камалганы анын шылуун экенин айгинелеп жатканы белгиленген. Ошол себептүү Маевскийдин жалган көрсөтмөсү менен камалган Текебаевдин ишин кайра кароо зарыл экендиги айтылган. Ушул кайрылуу Башкы прокуратурага да жиберилген.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.
Өткөн аптада Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча доолаган" деген айып менен камакка алынды.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









