KELECHEK
rek

Орусиядан Өзбекстанга туристтерди аз барышынын себептери аныкталды

Орусиядан Өзбекстанга туристтерди аз барышынын себептери аныкталды

Новосибирскте Өзбекстанды туристтик өлкө катары таанытуу иш-чарасы өтүп, ал жакка орусиялык туристтердин аз барышынын себептери аныкталды.

Өзбекстандын Орусиядагы элчиси Батиржон Асадов 2018-жылдын январь айынан тарта сентябрга чейин орусиялык туристтердин саны 30% өскөнүн, жалпысынан 350 миң киши барганын маалымдады.

Бирок Орусия туроператорлор ассоциациясы ФСБнын чек ара кызматынын маалыматына таянуу менен Өзбекстанга болгону 128 808 киши барганын, анын ичинен 27 158и туристтик максатты көздөгөнүн билдирди. Бул 2017-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 25.9% пайызга көп.

Өзбекстанга орусиялык туристтердин аз барышына – авиакаттамдын кымбаттыгы, поезд жолунун алыстыгы жана Өзбекстанды туристтик багыт катары көрсөткөн жарнамалардын аздыгы себеп болуп жатканы белгиленди.

Быйыл октябрда Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитети «Туту.ру» сайтына шилтеме берүү менен орусиялыктар арасында Жаңы жылды тосуу үчүн Өзбекстан эң популярдуу өлкө аталганын маалымдаган. Былтыркы рейтингде республика жетинчи орунда болгон. Экинчи орунда Германия, үчүнчү орунда Чехия жайгашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...