Өзбек парламентинин спикери Рогун ГЭСинин курулушун кубаттады
Өзбекстан Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуу учурунда Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берилишине суктанганын билдирди:
– Бул окуя (Рогун ГЭСинин биринчи агрегатын ишке берүү) Тажикстандын жаңы тарыхында жазылып калат. Ал эми бул долбоорду ишке ашыруу – Тажикстан эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагындагы элдер үчүн дагы маанилүү”.
Эмомали Рахмон 20-ноябрда Тажикстанга расмий сапар менен келген Нурдинжон Исмоиловду кабыл алган.
Өзбекстандын мурдагы өкмөтү Вахш дарыясына гидроэлектр станция курууга караманча каршы болгон. Ташкент Рогун долбооруна колдоо көрсөтпөй турганын бир нече ирет билдирген.
Рогун ГЭСинин биринчи агрегатынын ишке берүү аземи 16-ноябрда болду. Ага чет мамлекеттердин, анын ичинде CASA-1000 долбооруна катышкан өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, дипломаттар жана журналисттер катышты.
Толук курулуп бүткөндө Рогун ГЭСи Борбор Азия аймагындагы эң ири гидроэлектр станция болуп калат. Анын курулушу өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында башталып, Тажикстан эгемендүүлүк алгандан кийин токтоп калган.
Рогун ГЭСи ар бири 600 мегаватты түзгөн алты агрегаттан турат. Анын экинчи агрегаты кийинки жылы апрелде ишке берилиши күтүлүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









