KELECHEK
rek

«Хизб-ут-Тахрирдин» мурдагы эмири партиядан чыкканын билдирди

«Хизб-ут-Тахрирдин» мурдагы эмири партиядан чыкканын билдирди

Хафизулло Насыров.

Өзбекстанда тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын алгачкы жетекчилеринин бири Хафизулло Насыров уюмдун катарынан чыкканын билдирди.

Хафизулло Насыров 1997-1999-жылдары «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын Өзбекстандагы бөлүмүнүн «эмири» болуп эсептелген. Ал 1999-жылы 16-февралда Ташкенттеги кош жардыруулардан кийин камалган. 2000-жылы мартта Насыров жыйырма жылга соттолгон.

Хафизулла Насыров партиянын катарынан чыкканы тууралуу тилектештерине видеокайрылуу жолдогон. Маалыматтарга караганда, ал укук коргоо кызматкерлеринин катышуусунда жазылган.

Хафизулло Насыров түрмөдө жатып көп ойлонгонун, «Хизб-ут-Тахрирдин» программасы туура эмес жазылганын аңдаганын айткан.

«Баарыңар билгиле, Хизб – бул дин эмес. Хизбден чыгуу – исламдан чыгуу же мазхабды алмаштыруу сыяктуу коркунучтуу иш эмес. «Хизб-ут-Тахрир» өз ишмердүүлүгүндө көптөгөн диний эрежелерди көз жаздымда калтырып, көбүнчө саясий маселелерге көңүл бурууда. Саясий маселелерди ал баарынан бийик коет. Эч кимге жашыруун эмес, мындай аракеттер арбын көйгөйлөрдү жаратты. Мен көптөгөн адамдардын тагдырына жоопкерчиликсиз мамиле жасаганымды аңдагандан кийин өтө жаман абалда калдым», – деген ал.

Буга чейин «экс-эмирдин» туугандары Хафизулла Насыров жазында түрмөдөн чыгышы мүмкүн экенин билдиришкен.

Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүндө тыюу салынган «Хизб-ут-Тахрир» диний партиясынын негизги максаты «Халифат» түзүү болуп эсептелет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13