KELECHEK
rek

АКШ өкүлдөрү Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө келбейт

АКШ өкүлдөрү Сирия боюнча Астанадагы сүйлөшүүлөргө келбейт

Сирия боюнча 28-29-ноябрга белгиленген Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө АКШдан байкоочулар келбейт. Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

«Мага белгилүү болгондой, АКШ террордук топторго каршы күрөшкө байланышкан маселелерге көбүрөөк көңүл бурат. Биринчи кезекте бул «Ислам мамлекети» террордук тобу. Жолугушуунун күн тартибинде бул маселе жок», — деди Абдрахманов.

Анын айтымында, кепил өлкөлөр (Орусия, Түркия жана Иран) Сириянын Идлиб провинциясындагы абалга байланышкан маселелерди талкуулашат. Бул аймак төрт деэскалация аймагынын бирөөсүнө кирет. Мындан тышкары жыйында согуштан кийинки Сирияны калыбына келтирүү жана качкындарды кайтаруу маселелери жөнүндө сөз болот.

Орусия, Түркия жана Иран Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөр болуп эсептелишет. Андагы сүйлөшүүлөр БУУнун көмөгү алдында Женевада өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн сырткары өз алдынча уюштурулууда. Сүйлөшүүлөрдүн буга чейинки айлампасы быйыл июлда Орусиянын Сочи шаарында өткөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52