KELECHEK
rek

Түркмөн бийлиги газ жана суу үчүн акы төлөбөгөн жарандар соттоло турганын эскертүүдө

Түркмөн бийлиги газ жана суу үчүн акы төлөбөгөн жарандар соттоло турганын эскертүүдө

Түркмөнстанда жарандар газ гана суу үчүн он күндүн ичинде акы төлөбөсө, сот жоопкерчилигине тартыла тургандыгы жөнүндөгү эскертүүлөрдү алып жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, газ кызматынын өкүлдөрү Ашхабаддын жана шаар четиндеги айылдардын жашоочуларынан эскертүүнү алгандыгы тууралуу тил кат жаздырып алышууда. Үйдө эч ким жок болсо, билдирүүнү калтырып кетип жатышат.

«Мындан тышкары Түркмөнбашы жана Балканабад шаарларында, ошондой эле район борборлорунда полиция менен прокуратура кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, тургундардан эсептегичтерди орнотууну талап кылышууда», — деп жазды басылма.

Түркмөн өкмөтү быйыл сентябрда 25 жылдан бери калкка бекер берилип келген газ жана сууга болгон жеңилдиктерди жойгон. Мындан соң жарандар өз акчасына эсептегичтерди орнотууга милдеттендирилген.

Газ эсептегичтерин орнотуунун баасы 250 манат, бирок иш жүзүндө ал ар түрдүүчө болуп, айрым учурларда 400 манатка чейин жетиши мүмкүн. үркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 1 доллар 3,5 түркмөн манатына барабар).

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53