KELECHEK
rek

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле элек

Ислам Каримовдун музейин оңдогон курулушчуларга эмгек акысы бериле элек

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун музейинде оңдоо иштерин жүргүзгөн курулуш компаниясы бийликтен акчасын ала албай келүүдө.

Компаниянын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү бийлик он айдан бери музейде оңдоо иштерин жүргүзгөн курулушчулардын эмгек акысын берүүгө жана курулуш материалдарын сатып алууга кеткен акчаны төлөп бербей жатканын билдирди.

Аталган музейдеги өз булактардын билдиришинче, компания музейдеги курулуш иштерине жалпысынан 4 миллиард сум (486 миң доллар) короткон.

– Бул сумманын негизги бөлүгү төлөнүп берилди. Калганы ноябрдын аягына чейин же декабрга чейин берилет. Көбүнчө курулуш компаниялары оңдоо иштеринин сметасын түзбөстөн же келишимсиз эле ишин баштап алышат. Ошондуктан ушундай түшүнбөстүктөр болууда, — деди ал.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, бийликтин курулуш компаниясына болгон карызы 156 миллион сумду (19 миң долларга жакын) түзөт. Мындан тышкары Ислам Каримовдун эстелигин жасаган скульптор Ильхом Жаббаровго дагы эмгек акысы бериле электиги айтылууда.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун «Оксарой» деп аталган резиденциясы анын өлүмүнөн кийин музейге айландырылган. Каримов 2016-жылы сентябрда 79 жашында инсульттан улам көз жумган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13