
Ноокенде 35 кВ “Избаскент- Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымы жаңыланууда (ФОТО)

“Жалалабатэлектро” ачык акционердик коому Ноокен районуна караштуу 35 кВ “Избаскент Рахманжан” аба чубалгысынын 8 чакырымын жаңылап жатат.
Ишкананын басма сөз кызматынын жетекчиси Жыпариза Уметалиеванын берген маалыматына караганда, АС 70 аба чубалгылар АС 95 аба чубалгыларга алмаштырылууда. Аталган электр чубалгылары 1969-жылы курулгандыктан эскилиги жетип, күз-кыш айларында авариялык абал катталып, кыска чыңалууларды жаратып турган. Мындан улам, электр энергиясынын техникалык жоготууларын азайтып, кыш айларындагы авариялык өчүүлөрдү кыскаратуу максатында 14 чакырым аба чубалгынын 8 чакырымы жаңыланууда.
Бүгүнкү күндө Избаскент жана “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомунун жогорку чыңалуудагы жабдууларды тейлөө кызматынын адистеринен турган 2 бригадалык топ иштеп жатышат, кошумча 3 техника тартылган. Учурда жумуштун 80 пайызы бүткөрүлдү.
“Мындан тышкары 35 кВ “Рахманжан” көмөк чордонунун эски өчүргүчтөрү 5 даана жаңы ВАКУУМдук өчүргүчтөргө алмаштырылды”, - дейт Ж.Уметалиева.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады
2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...
Аймак 2016-04-27 09:56
Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....
Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...
Аймак 2016-05-06 17:07
Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде 23-майда аталган мектепке көмөкчү...
Аймак 2016-05-23 20:40
КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду
КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...
Аймак 2016-05-30 13:59
Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...
Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...
Аймак 2016-06-13 15:51
Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...
Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү Жалал-Абад облусунун...
Аймак 2016-06-13 16:09
Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...
"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...
Аймак 2016-06-14 14:41