KELECHEK
rek

БУУ Тажикстанды "кыздык белгини" текшерүүгө тыюу салууга чакырды

БУУ Тажикстанды

БУУнун Аялдарды дискриминациялоого каршы комитети Тажикстанды нике алдында "кыздык белги" боюнча тест тапшырууга тыюу салууга чакырды. БУУ мындай кемсинтүүчү тажырыйбага медициналык муктаждык жок деп эсептейт.

БУУнун Аялдарды дискриминациялоого каршы комитети “Тажикстан Үй-бүлө кодексинин нике алдында милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүү боюнча өзгөртүүлөрү” көбүнчө “кыздык белгинин” бар-жогун текшерүү үчүн колдонуларын жана бул айрым учурда өзүн өзү өлтүрүүгө алып келип жатканын белгилейт.

2016-жылы кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык, нике алдында түгөйлөр милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүп, кан тапшыруусу керек. ЗАГС органдары мындай медициналык маалымкат болбосо, никени каттабайт.

БУУнун укук коргоочулары жана эксперттери “кыздык белгини” текшерүүнү зыяндуу салт деп атап, 21-кылымда “аруулук” адамдын адеп-ахлактуулугун аныктаган индикатор болбошу керек деп эсептешет.

Тажикстанда “кыздык белгини” текшерүү расмий түрдө жүргүзүлбөйт, бирок көптөгөн үй-бүлөлөр үйлөнүү үлпөт алдында бул тажрыйбаны колдонушат. Жыл сайын жүздөгөн кыздар өзүн жана үй-бүлөсүн уятка калтырбоо үчүн алдын ала “аруулугун” текшерүүдөн өтүшөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53