KELECHEK
rek

АКШ эксперттери Пхеньян 20 ракеталык базаны жашырып койгонун билдиришти

АКШ эксперттери Пхеньян 20 ракеталык базаны жашырып койгонун билдиришти

Түндүк Кореядагы парад

Америкалык эксперттер Пхеньян 20га жакын ракеталык базаны жашырганын, алардын 13үнүн жайгашкан жери аныкталганын билдиришти. Бул тууралуу Reuters агенттиги Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык иликтөөлөр борборунун маалыматына шилтеме кылып жазды.

Адистер Пхеньян бул объектилерди Түндүк Кореянын өзөктүк куралдарын жок кылуусун көзөмөлдөй турган эл аралык байкоочулардан жашырып коюуга ниеттенген деп эсептешүүдө.

Эксперттердин пикиринде, бул базалар чукул учурларда ракета учуруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Алар көрсөтүлгөн ракеталардын «өзөктүк эмес» версиялары да кыйла чоң зыян келтирүүгө кудуреттүү болушу ыктымал деп эсептешүүдө.

Эксперт Жозеф Бермудестин пикиринде, буга чейин «Сохэ» ракеталык полигонунун бузулушу башка объектилерден келген аскердик коркунучтарды жабуу үчүн жасалган.

Түндүк Корея быйыл майда "Сохэден" тышкары "Пунгери" өзөктүк полигонун кичирейтип, ал иш-чарага чет элдик эксперттер катышкан. Мурдараак АКШ чалгыны эки өлкө башчыларынын макулдашуусуна карабастан, Пхеньян денуклеаризация боюнча реалдуу кадамдарды жасабай жатканын билдирген. Өз кезегинде Түндүк Кореянын басылмалары АКШ менен Түштүк Кореяны аймактагы чыңалууну азайтууга багытталган макулдашууну бузууга айыптаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...