Душанбе: "Аш фестивалында" тамак үчүн кишилер мушташты
Душанбе шаарынын Фирдоуси паркында өткөн палоо фестивалы жаңжал менен коштолду.
10-ноябрда иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин чогулган эл казанга жулунуп, палоону түз эле колдору менен жеп, талашып-тартышканга чейин барышкан.
Душанбе шаарынын мэриясы калаа тургундарынын адепсиз кылык-жоругуна нааразы болуп, айрым кишилер жазага тартылганын билдирди.
Фестиваль үчүн Душанбедеги белгилүү жети ашпозчу аш баскан. Ал үчүн 250 килограмм күрүч, 200 килограмм эт, 35 килограмм сабиз, 90 литр май, 1 килограмм зире жана 5 килограмм мейиз кеткен. Ашпозчулардын билдиришинче, палоонун жалпы салмагы бир тоннадан ашкан.
Душанбедеги эң ири палоодон тышкары сейил бактын айланасында дагы 400 казанда аш басылган, бирок ал жерде тамак үчүн талаш болгон эмес.
2017-жылы сентябрда Ташкентте салмагы жети жарым тонналык дүйнөдөгү эң ири палоо басылган. Бул Гиннес рекорддор китебине кирген. Аш тууралуу алдын ала маалымат берилгендиктен, Ташкенттин борборуна миңдеген киши келген. Бирок аларды казандын жанына жолотушкан эмес. Иш-чарага аткаминерлер, дипломаттар, ММК өкүлдөрү гана күбө болгон. Калгандар палоонун басылышын видеоэкрандан гана көрүшкөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13