Кыргыз-тажик чек арасында кыраакылыкты күчөтүү талабы коюлду
Тажистандагы соңку окуяларга байланыштуу кыргыз-тажик чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөтүү талабы коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева “Азаттык” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, чек арада абал туруктуу жана кайтаруу күчөтүлгөн жок.
- Биз азыр бул багытта мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөткөн жокпуз. Болгону чек ара өткөрмө бекеттеринде жана чек арада турган түзүмдөрдүн кыраакылыгын күчөттүк. Бизде кыргыз-тажик чек арасында ар кандай өзгөрүүлөргө каршы турчу күчтөр жана каражаттар жетиштүү.
Тажик өкмөтүнө жакын булактар менен коопсуздук өкүлдөрүнүн “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматына 9-ноябрда айткандарына караганда, Хожент шаарынын түрмөсүндөгү тополоң “Ислам мамлекети” тобунун диний экстремизм жана терроризм үчүн соттолгон тарапкерлери тарабынан уюштурулган. Тополоң учурунда кеминде 24 адам, анын ичинде түрмөнүн эки сакчысы мерт болгон.
Маалыматка караганда, Тажикстандын түрмөсүндөгү тополоң 7-ноябрда “Ислам мамлекети” тобунун “согушкери” деп айтылган адамдын абак кайтаруучусуна кол салуусунан кийин башталган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









