KELECHEK
rek

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө экспорттой баштады

Кыргызстан Өзбекстанга картөшкө жеткирүү боюнча макулдашты. Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, октябрдын ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүп, Өзбекстан картөшкө импорттой ала турган 17 компаниянын атын атаган.

Маселен, Ысык-Көл облусунун ишкерлери менен «Наманган Универсал Савдо Инвест» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунан Өзбекстанга 66 тонна жашылча жөнөтүлгөн.

Фитосанитардык сертификация өзбек тараптын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн.

Ал ортодо 2-нобярда Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинде картөшкө жеткирүү боюнча өзбек компаниялары менен сүйлөшүүлөр өтүүдө.

Быйыл жыл башында айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашев картөшкө менен жүгөрүнү Өзбекстанга экспорттоо маселеси да макулдашылганын билдирген.

Бирок жай айында Өзбекстан картөшкө алуудан баш тартканы жарыяланган. Октябрдын ортосунда ортомчулар жер-жерлерден картөшкөнүн килограммын 5-6 сомдон гана сатып алышкан. Дыйкандардын эмгеги акталбай калган.

Бул маселе өкмөт жана парламентте бир нече жолу талкууланган. Депутаттар, премьер-министр жана өлкө президенти айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин ишин сынга алышкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38