Трамп Америка-Мексика чек арасына 15 миң аскер жөнөтүүнү убада кылды
АКШ президенти Дональд Трамп Америка-Мексика чек арасындагы аймакка 15 миң аскер жөнөтүүнү пландап жатканын билдирди. Бул учурда Ооганстанда кызмат өтөп жаткандардын саны менен барабар.
Аскерлер буга чейин аймакка жайгаштырылган Чек ара жана Иммиграция түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жардам беришет.
Учурда АКШнын түштүк чек арасында беш миңден ашуун аскер кызматкери жана эки миңден ашуун улуттук гвардиянын жоокери бар. Бул АКШнын Ирак жана Сириядагы аскер контингентинин жалпы санына тете.
Америка мыйзамдарында аскерлердин укук коргоо органдарынын функцияларын түздөн-түз аткаруусуна тыюу салынат, бирок армия башаламандыктар жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтө алышат.
Келерки аптада Конгрессте өтө турган шайлоо – Трамптын администрациясынын саясаттагы референдуму катары бааланууда. Акүйдүн башчысы иммиграция маселелери – бул шайлоодогу негизги тема экенин белгилеген.
Буга чейин Трамп АКШда төрөлгөн ар бир кишиге Америка жарандыгын берүүнү камсыздаган конституциялык жобону жеке жарлыгы менен жоюуга укуктуу экенин жарыялаган. Трамп шаршембиде Флоридада журналисттерге интервью берип жатып, Латын Америка өлкөлөрүнө жардам берүүнү токтотушу мүмкүн экенин эскерткен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









