Тажик-ооган чек арасындагы кол салуу боюнча иликтөө аяктады
Тажикстанда Чек ара аскер башкармалыгы тажик-ооган чек арасындагы кол салуу фактысы боюнча кызматтык иликтөөсүн аягына чыгарды.
26-августта Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну "Нива" автоунаасы менен баратканда ок атууга дуушар болгон. Кылмышкерлер аларды миномет жана Калашников пулемету менен аткылашканы кабарланган. Экөө мерт болуп, бирөө жаракат алган.
Кызматтык териштирүүнүн жыйынтыктарына караганда, кол салуу “Талибан” кыймылынын жоочулары эмес, маңзат аткезчилеринин белгисиз тобу тарабынан жасалган. Бирок тажик-ооган чек арачылары алардын өздүгүн азырынча тактай элек.
Кол салуудан аман калган токойчу Сафархон Рахимов кылмышкерлерди көрбөгөнүн, бирок алар тажик тараптан ок чыгарышканын билдирген.
“Азаттыктын” тажик кызматынын өз булактары билдиргендей, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен Фархор районунун чек ара бөлүгүнүн командири ээлеген кызматынан бошотулду. Маңзат аткезчилери Тажикстан аймагына кирип эле келбей, кол салууга барышканы үчүн кезметтеги офицерлер шалаакылыкка айыпталып, дисциплинардык жаза алышты.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









