KELECHEK
rek

Жолдордон акы алуу тартиби талкууланууда

Жолдордон акы алуу тартиби талкууланууда

Кубакы ашуусу

Транспорт жана жол министрлиги Кыргызстандын аймагындагы чоң жолдордо жүрүүгө акы алуу максатында төлөмдөрдүн эсебин чыгарып, долбоорду парламентке сунуштаганы жатат.

Транспорт жана жол министрлиги өкмөт 2016-2025-жылдарга жол тармагын өнүктүрүү токтомунун негизинде жана жаңы салынган автоунаа жолдорунун сапатын сактап калуу максатында жолдон акы алуу демилгесин көтөргөнүн билдирди.

Аталган мекеменин кеңешчилер тобунун жетекчиси Нурлан Кайынбаевдин айтымында, учурда кайсы жолдорго жана автоунаанын кандай түрлөрүнө акы алынышы керектиги тууралуу нормалар каралууда. " Мисалы, төрт чийиндүү же андан көп кенен жолдордон өткөн бардык автоунаалардан акы алынышы керек деп сунуштап атабыз. Ал эми Бишкек-Ош сыяктуу эки чийиндүү жолдорго оор жүк ташуучу автоунаалар гана төлөшү керек деп сунуш киргиздик. Азыр тарифтер министрликте талкууланып жатат. Болжолдуу баалары жеңил автоунаалар ар бир чакырымга 60 тыйындын айланасында, ал эми оор жүк ташуучу автоунаалар категориясына жараша эки сомдон он сомго чейин деп эсептелип жатат", - деди ал.

Учурда бул мыйзам долбоору даярдалып жатат. Жакынкы күндөрү коомчулуктун талкуусуна коюлат. Андан соң парламентке жиберилет. Эгер бул демилге эл өкүлдөрүнөн колдоо тапса, жарым жылда ишке ашып калышы мүмкүн.

«Биз акы алынуучу жолду автоматташтырылган системада иштетүүгө аракет кылып атабыз. Анткени адам кийлигишкенде коррупциялык схемалар көбөйүп жатпайбы. Ошондуктар адамдардын аралашуусу минималдык түрдө болушу керек. Акча төлөп жаткан киши дагы көрүшү керек. Берген акчасы натыйжалуу пайдаланып, жолго коротулуп жатканына ынанышы керек. Мындан сырткары жолдун сапатына, стандартка да көңүл буруп жатабыз. Акы төлөнгөн жол сөзсүз түрдө жакшы каралышы керек, эки чети тосулуп жүргөнгө коопсуз болушу керек», — деп кошумчалады Нурлан Кайынбаев.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38