
Трамп шайлоо боюнча атайын прокурордун суроолоруна жооп берүүнү убадалады

АКШ президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсүн иликтеп жаткан атайын прокурор Роберт Мюллердин суроолоруна жооп бериши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу Трамп Fox News телеканалына берген интервьюсунда айтты.
Ошол эле маалда ал муну маанисиз деп эсептей турганын, себеби “эч нерсеге аралашпаганын” белгиледи.
Октябрдын ортосунда CNN телеканалы Мюллер Трампка шайлоо боюнча суроолордун тизмесин жөнөткөнүн кабарлаган. Америкалык басылмалар атайын прокурор президенттин жеке өзү менен сүйлөшүүнү каалап жатканын жазышкан.
Буга чейин АКШнын атайын прокурору америкалык шайлоолорго Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын Конгрессте шайлоо болуп бүткөн соң жарыялай турганы айтылган. Мюллер эки негизги иликтөөнүн бүтүмүн чыгарат. Алардын бири – АКШ президенти Дональд Трамптын командасынын Кремль менен кутумга баруу ыктымалдуулугу, экинчиси – АКШ президентинин сот адилеттүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу аракети.
Москва башка өлкөлөрдүн шайлоолоруна катышы бар экенин четке кагып келет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абадда Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү элге...
Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү түшүндүрүү максатында...
Шайлоо 2016-10-05 15:02
Өлкөдө 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 10-октябрда «Кыргыз Республикасынын...
Шайлоо 2016-10-11 16:24
ЦИК КР сообщила о недопустимости преждевременного проведения...
Сегодня 18 октября в пресс-центре ЦИК состоялся... Шайлоо 2016-10-18 22:01 БШКнын саясий партияларга, жергиликтүү жамааттардын жана шайлоо...Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын саясий... Шайлоо 2016-10-22 22:19 ЦИК призывает к противодействию подкупу избирателей во время выборов...25 октября в Жалал-Абадской и Ошской областях, состоялись рабочие совещания заместителей... Шайлоо 2016-10-26 12:09 Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу үчүн...Жалал-Абад облусунда жергиликтүү кеңештердин шайлоосун уюштуруу боюнча облустук штаб түзүлүп, иштеп... Шайлоо 2016-11-02 03:35 Өлкө боюнча шаар кеңештерине 36 саясий партиядан 7 353 талапкер...Өлкө боюнча саясий партиялар сунуштаган 7 353 талапкердин ичинен 6 миң 100ү катталды. БШК төрайымы Нуржан... Шайлоо 2016-11-12 13:24 |