KELECHEK
rek

УКМК: Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатат

УКМК: Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташып жатат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси жана анын эң жакын санаалаштарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди.

- Буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө уланууда. Тергөө ар тараптуу жана калыс жүргүзүлүп жатат. Маалыматтарда айтылган акча каражаты берилгени жана кай жакка коротулганы боюнча бардык жагдайлар аныкталып жатат. Тергөөдө Илмиянов акчаны алганы тууралуу жетиштүү далилдер бар. Илмиянов тергөө менен жигердүү кызматташууда.

УКМК муну менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 29-октябрда тараткан билдирүүсүнө жооп кайтарды. КСДП буга чейин "Икрамжан Илмиянов алды" деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялаган.

Атайын кызматтан келген, "24-октябрда жазылды" деген катта "тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта президенттик шайлоо штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды демөөрчүлүк жардам катары алганы аныкталды" деп айтылган.

КСДП партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн билдирип, ошондуктан бардык суроолор боюнча Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну" сунуш кылган. Ага чейин коомчулукта Икрамжан Илмиянов "тергөө менен кызматташып, бардык маалыматтарды ачып жатканы" тууралуу кабар тарап, КСДП жана анын адвокаты Сергей Слесарев муну "ушак жана атайын даярдалган чагым" катары баалаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ага Башкы прокуратура быйыл 28-сентябрда кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53