Казакстанда төрт мамлекеттик орган Интернетке тыюу салууга укук алды
Казакстан өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук комитети, Ички иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги социалдык, табигый же техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар учурунда Интернетти жана байланыштын башка каражаттарын өчүрүүгө укук алышты.
Ошол эле маалда аталган мамлекеттик органдар өкмөттүк жана президенттик байланыш каражаттарына бөгөт коё алышпайт.
Документ 28-октябрдан тарта күчүнө кирди.
Казакстанда быйыл жыл башынан бери кечкисин Facebook, YouTube, Instagram жана Telegram түйүндөрүнө кирүү биртоп кыйындады.
Адам укуктары боюнча казакстандык бюро жарандар каалаган учурда үзгүлтүксүз жана эркин маалымат алуу укугуна ээ экени тууралуу билдирүү тараткан.
Бул арада бозгундагы оппозициячыл саясатчы, мурдагы банкир Мухтар Аблязов казакстандыктарга социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу түз байланышка чыккан маалда Интернет өчүрүлгөн учурлар көп катталууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









