KELECHEK
rek

Бүгүн Жалал-Абад шаарында II - Эл аралык бизнес-форум өз ишин баштады

Бүгүн Жалал-Абад шаарында II - Эл аралык бизнес-форум өз ишин баштады

Бүгүн, 21-июнь күнү Жалал-Абад шаарында II - Эл аралык бизнес-форум өз ишин баштап, ага КР Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинен жана айыл-чарба министрлигинен өкүлдөр, Кытайдан, Россиянын бир катар шаарларынан инвесторлор келип катышты.

Аталган бизнес-форумдун салтанаттуу ачылыш аземи борбордук “Эркиндик” аянтында облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисттеринин чакан концерттик программасы менен башталды. Андан кийин, бизнес-форумдун ишин КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева өзүнүн куттуктоо сөзү менен ачты.

- Экинчи Эл аралык бизнес-форумга куш келиңиздер. Өткөн жылы 9-июлда 1-бизнес-форумду өткөрдүк. Форумдун бирден бир максааты – ишкерлер, келечектеги инвесторлор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эки тараптуу, пайдалуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бизнес-форумдун жыйынтыгында, бир нече меморандум жана келишимдерге кол коюлуп, бүгүнкү күндө алардын аткарылышы боюнча иштер жүрүп жатат. Мисалы, өз ара түзүлгөн макулдашууларга ылайык, Ноокен районунда цемент заводу, Чаткал районунда “Кичи-Чаарат” ишканасы, Базар-Коргон районунда жаңгак токойлору жана турак-жай куруу боюнча иштер чечилип жатат. Биздин облус – республикада эң ири айыл-чарба региондорунун бири болуп саналгандыгы үчүн, бүгүнкү бизнес-форумду бир эле багытка багыттадык. Себеби, айыл-чарбасын өнүктүрүү боюнча өткөрүп жатабыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биздин облус республикада айыл-чарба продукциясынын 20 пайызын берет, - деди өкүл.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө облустун 2015-2017-жылдарга чейинки өнүгүү программасына ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дыйкандарга жана ишкерлерге жакындан жардам берип, алардын өндүргөн продукцияларын сатууга шарт түзүп берүүсү шарт экендигин, облуста логистикалык борбор куруу алдыдагы негизги максаттардан экенин баса белгилеп кетти.

Мындан сырткары, бизнес-форумдун ачылыш аземинде Россия Федерациясынын соода палатасынын Кыргызстадагы өкүлү Валерий Латыпов, РФ Президентинин алдындагы Башкортостан Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Артур Шайнуров, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Генералдык консулдугунун биринчи секретары Чень Юцзинь, РФ Ош шаарындагы Генеаралдык консулу Николай Кондуров жана бул бизнес-форумдун донорлору: GIZ, ПРООН, USAID, ОБСЕ Эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, КР Экономика министрлигинен келген жооптуу кызматкерлер өздөрүнүн куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, форумдун ишине ийгилик каалашты.

Андан кийин, келген конокторду өкүл баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Эркиндик көчөсүнө уюштурулган облустун район-шаарларындагы кайра иштетүүчү ишканалары тарабынан чыгарылган продукциялардын жана дыйкандардын өндүргөн айыл-чарба продукцияларынын көргөзмөсү менен тааныштырып чыгышты.

Түштөн кийин, бизнес-форумдун экинчи бөлүгү Кыргыз-Түрк балдар лицейинде уланып, "Айыл-чарба жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү жана кызматташуу" аталышында тегерек стол болду. Анда облус аймагында инвестиция тартууга ылайыктуу болгон багыттар боюнча видео тасма көрсөтүлдү. Өкүлчүлүктүн региондук өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Ажимамат Исаев облуста айыл-чарба тармагында аткарылып жаткан иштер, дыйкандарга берилип жаткан кредиттер, айыл-чарба продукцияларын кантип өстүрүп, аны кантип сатуу керектиги боюнча маалымат берди. Тегерек столдун катышуучулары тарабынан бул багыттагы көйгөлөр жана келечекте аткарыла турган иштер боюнча  пикрир алышуу болуп, талкууга алынды.

Эртең келген коноктор Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы айыл-чарба тармагында жана кайра иштетүү багытында жүрүп жаткан иштер менен жеринде таанышып келишет.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Мамасалы Акматовдун берген маалыматына караганда, ушундай эле Эл аралык бизнес-форум өткөн жылы биринчи жолу өткөрүлүп, анда беш багыт боюнча иш жүрүп, бир нече инвестициялык долбоорлорго кол коюлган.

- Өткөн жылдагы бизнес-форумдун жыйынтыктары боюнча Россиянын Чебаксары шаарынын ири заводу биздин ГЭСтерге жабдууларды ташып жатат. Келишимдин негизинде ГЭСтерге 2-3 жабдууну алып келишти. Андан сырткары, былтыркы жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Базар-Коргон районуна Кытай инвесторлору көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча даярдык иштери жүргүзүп жатышат. Тюмень облусунун шаарларына 2 университетке бюджеттик негизде 30 окууучуга орун берилип, азыркы учурда облустун район-шаарларынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жөнөтүү боюнча иштер жүрүп жатат, - дейт М.Акматов.

Өкүлдүн 1-орун басары М.Акматовдун айтымында, быйылкы 2-Эл аралык бизнес форум Өкмөттүн “Айыл-чарба продукцияларын сыртка чыгаруу” боюнча программасынын алкагында айыл-чарба продукцияларын сыртка сатуу максатында өткөрүлүп жатат.

“Дыйкандарга аз да болсо шарт түзөлү деген максатта II - Эл аралык бизнес-форумду өткөрүп жатабыз. Облустун дыйкандары өз мээнети менен өндүргөн продукциялары, кайра иштетүү ишканаларынын чыгарган продукциялары жарманкеге коюлду. Каалоочулар үчүн жарманкеге коюлган продукцияларды жана дыйкандар өндүргөн  жашылча-жемиштерди арзан баада сатып алууга зор мүмкүнчүлүктөр түзүлдү”, - дейт М.Акматов.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38