Пентагон Мексика менен чек арасында 8 миң аскер жайгаштырат
Пентагон америка-мексика чек арасынын түштүк-батыш тилкесине беш миң аскер кызматкерин жайгаштырууга даярданууда. Бул чечим АКШны көздөй келе жаткан миңдеген качкындардын жакындашына байланыштуу.
Буга чейин Пентагон чек арага 800 жоокер жайгашарын кабарлаган. Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, беш миң аскер – чек ара көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген америкалык бардык бажы кызматкерлеринин үчтөн бир бөлүгүнө барабар.
АКШ Коргоо министрлиги жыл башында Мексика менен чектеш райондорго Улуттук гвардиянын эки миңге жакын жоокерин жөнөткөн.
Мексика аймагы аркылуу Америка чек арасын карай келе жаткан качкындардын кербени АКШ басылмаларынын көңүлүн өзгөчө бурууда. Мигранттар Мексика менен чектеш мамлекеттерде тыным алышты. Мексика өкмөтү жер которгондордун бир бөлүгүн иш менен камсыздап, убактылуу башпаанек берүү боюнча программа жарыялады. Америка өкүлдөрү да өтө зарыл болгон учурда айрым мигранттарга башкалка берилерин четке кагышкан жок. Бирок Мексика жана Америка бийлиги АКШда жашагысы келген бардык качкындардын тилегин орундатары күмөндүү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









