КСДП: "Илмиянов алды" деген акча боюнча Жээнбеков жооп берсин
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) "Икрамжан Илмиянов алды" деген акчага байланыштуу УКМКнын тергөөчүсүнөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады.
Атайын кызматтан келген, "24-октябрда жазылды" деген катта "тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды "демөөрчүлүк жардам" катары алганы аныкталды" деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.
КСДП бул катка 29-октябрда жооп берип, анда партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековду көрсөткөнүн, ошондуктан шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык маселелерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкенин жазган. Катта КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экендиги, партия акчаны албаганы айтылган. Финансылык документтердин баары талапкердин штабы менен БШКда болоору белгиленген. Ошондуктан КСДП "бардык суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну" сунуш кылган.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты, УКМК азырынча бул маалыматка байланыштуу үн ката элек.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамы катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалган. Ага Башкы прокуратура 28-сентябрында кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









