KELECHEK
rek

Түркияда кыргызстандык мугалим 12 жылга эркинен ажыратылды

Түркияда кыргызстандык мугалим 12 жылга эркинен ажыратылды

Түркияда окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп айыпталган кыргызстандык 56 жаштагы мугалим 12 жылга эркинен ажыратылганын "Hürriyet" басылмасы маалымдады.

Ал 13 жаштагы cекелекке "жыныстык ыдык көрсөттү" деп, Түркиянын Жаза кодексинин 103-беренеси ("Балдарды жыныстык жактан кордоо") боюнча күнөөлүү деп табылды.

Анталия шаарына караштуу Манавгат райондук №1 кылмыш-жаза соту теги кыргызстандык жаранга каршы ачылган доо боюнча ишти 27-октябрда карап, чечим чыгарган.

Окуя быйыл апрель айында Манавгат шаарчасында болгону, сабакта мугалим окуучу кыздын бутун кармалаганы айтылган. Бирок ал сотто өзүнө коюлган дооматка макул болгон эмес:

“Мен 25 жылдан бери пианинодон сабак берем. Мен кыянаттык кылып окуучумдун буттарын кармалаган эмесмин, педалды бассын дегем. Бул сабактын бир ыкмасы", - деди соттолгон мугалим.

Ал 15 жылдан бери Анталиянын Манавгат шаарчасында жеке менчик музыка мектебинде пианино мугалими болуп иштечү.

Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинин маалыматы боюнча Түркиянын абактарында учурда төрт кыргызстандык отурат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...