KELECHEK
rek

Тажикстанда пара менен кармалган милициянын полковниги айыппул төлөп кутулду

Тажикстанда пара менен кармалган милициянын полковниги айыппул төлөп кутулду

Душанбенин Фирдавси райондук соту ири өлчөмдө пара алып жатканда кармалган ИИМдин жогорку кызматтагы аткаминерин 80 миң сомони (8700 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирип, камактан бошотуу өкүмүн чыгарды.

ИИМдин Маңзат сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Журахон Нусратуллозода соттун өкүмүнөн кийин дароо тергөө абагынан чыгарылды.

Быйыл августта өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги милициянын полковниги пара катары 19 800 доллар алып жаткан жеринен кармалганын билдирген. ​Мекеменин маалыматына караганда, ал 20 миң доллар өлчөмүндөгү параны маңзат сатууга айыпталган жергиликтүү тургундун ата-энесинен талап кылган. Журахон Нусратуллозодага каршы ири өлчөмдө пара алуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бирок 19-октябрда Фирдавси райондук соту Журахон Нусратуллозоданы алдамчылык беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Судья Музаффар Абдуллозода соттолуучу пара катары алган акчаны коротууга жетишпегенин, каражат жабырлануучуга кайтарылып берилгенин билдирген.

Тажикстан ИИМинин басма сөз кызматы Журахон Нусратуллозода кармалгандан кийин дароо кызматтан алынганын кабарлаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53