KELECHEK
rek

Велотуристтерди өлтүрүүгө айыпталган киши кылган ишине өкүнгөн жок

Велотуристтерди өлтүрүүгө айыпталган киши кылган ишине өкүнгөн жок

Дангарада чет өлкөлүк туристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадов сотто жасаган иши үчүн өкүнбөй турганын билдирди.

Тажикстан Жогорку соту 23-октябрда төрт туристтин өмүрүн алган кылмыш ишин кароону баштаган. Соттун көчмө жараяны №1 тергөө абагында өтүүдө. Баардыгы болуп 17 киши айыпталууда. Алардын айрымдары кылмышты жашырууга күнөөлөнүүдө.

29-июлда Дангара районунда кылмышкерлер велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа менен сүздүрүшкөн. Анда Голландия менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы эки чет өлкөлүк жараат алган.

Туристтерге түздөн-түз кол салган беш кишинин ичинен Хусейн Абдусамадов гана тирүү калган, төртөө болсо атайын операция учурунда өлтүрүлгөн. Топтун башчысы Хусейн Абдусамадовго карата “Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү”, “Терроризм” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тажикстан Жогорку сотунун судьясы Бобокалон Муродзода 26-октябрда айыпталуучулардын баары күнөөлөрүн мойнуна алганын, Хусейн Абдусамадовдон башкасы кылган иштерине өкүнгөнүн билдирди. Соттун кийинки отуруму 29-октябрда өтөт.

Маалыматтарга караганда, Абдусамадов велотуристтер Сирия жана Иракта “Ислам мамлекети” тобун талкалоого катышкан Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын жарандары болгондуктан кол салганын айткан. Ал буйрукту Кори Носирден алганын, бирок айрым учурда Нухас аттуу киши ага жол көрсөтүп турганын билдирген. Нухас КМШ өлкөлөрдүндө теракт уюштуруу боюнча ИМ экстеримисттик тобунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелет, ал – дагестандык.

Буга чейин Абдусамадов теракт жасоо боюнча тапшырманы “Ислам кайра жаралуу партиясынын” активдүү мүчөсү Кори Носирден (Носирхуджи Убайдов) алганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...