Өзбекстан бөлкөнү социалдык жана стратегиялык маанилүү товарлар тизмесинен чыгарат
Өзбекстан өкмөтү бөлкөнү баасы мамлекет тарабынан жөнгө салынган социалдык жана стратегиялык жактан маанилүү товарлардын катарынан чыгарууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу өзбек басылмалары аткаруу бийлигине таандык токтомдун долбооруна таянуу менен билдиришүүдө.
Эгер бул документ кабыл алынса, мамлекет нандын баасын жөнгө салууну расмий түрдө токтотот.
Өзбекстанда 15-сентябрдан тарта бөлкөнүн баасы эки эсе кымбаттап, 650дөн 1200 сумга жеткен.
Бул нанды соодалоого жаңы тартип киргизилгени менен байланыштуу болгон. Ага ылайык нанга карата базар баасы талап жана сунуштарга ылайык эркин формада өзгөрүлө баштаган.
Өзбек өкмөтү келечекте унду дагы базар баасында сатууну пландоодо.
Социалдык жана стратегиялык жактан маанилүү товарлардын 21 түрү бар. Ага ун, суу май, дары каражаттары жана медициналык буюмдар, бензин, дан, жер семирткич, көмүр жана башкалар кирет.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38