Казакстанда банкирдин өлүмү боюнча атайын кызматтын мурдагы башчысы суралды
Тараз шаарында банкир Ержан Татишевдин өлүмү боюнча өтүп жаткан сот жараянында Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку төрагасы Нартай Дутбаев күбө катары суракка алынды.
Дутбаев “мамлекеттик сырларды жарыялоо” жана “мамлекеттин каражатын уурдоого” айыпталып, быйыл январда жалпысынан 12 жылга соттолгон. Ал сот жараянында Татишев менен Аблязовдун ортосундагы мүлк боюнча пикир келишпестиктер болгонун айтып берди.
Сотто Дутбаевден башка дагы бир нече кишилер күбө катары сурак беришти. Алардын бири Татишев өлөрдөн мурун Аблязов менен чатакташып кеткенин билдирди.
Татишев 2004-жылы өлтүрүлгөн. Алгач тергөөнүн жыйынтыгында ишкер аңчылык маалында кокустуктан улам курман болгону жазылган. Аңчылык учурунда Татишевдин жанында болгон Муратхан Токмади "өнөктөшүн кокусунан атып алган" деп айыпталып, бир жылга эркинен ажыратылган.
Бирок 2017-жылы иш кайра каралып, Токмади атайын уюштурулган киши өлтүрүүгө барганын мойнуна алган. Ал кылмышка Аблязовдун опузаларынан кийин барганын жүйө келтирген. Токмади 2018-жылдын март айында он жарым жылга абакка кесилген. Мухтар Аблязов өзү социалдык тармактарда Татишевдин өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирип жүрөт. 2009-жылдан бери Европада жашаган Аблязов Токмадини тааныбай турганын айтып, ага тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар экенин кошумчалаган.
2017-жылдын июнь айында Казакстан соту Мухтар Аблязовду бир катар айыптар боюнча сыртынан 20 жылга абакка кескен.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









