KELECHEK
rek

Ферганада колледж кызматкерлери студент кыздарды зордуктоого шектелүүдө

Ферганада колледж кызматкерлери студент кыздарды зордуктоого шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстандын Фергана облусунда Кокон шаардык жеңил өнөр жай колледжинин бир нече студентинин зордукталышы боюнча тергөө иштери башталды.

Окуу жайдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, 24-сентябрда анда окуган кыздар арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлүп, андан соң колледждин бир нече кызматкери менен окутуучусу суракка чакырылган.

«Жашыруун сурамжылоо 16 жаштагы студенттин кош бойлуу экендиги тууралуу маалыматтан кийин жүргүзүлгөн. Анда бир нече студент окуу жайда кыздар зордукталган башка учурлар жөнүндө дагы айтып беришкен», – деди ал.

15-20-октябрь күндөрү Кокон шаардык прокуратурасы окуу жайда текшерүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгында колледждин директору кызмат абалын кыянат пайдалануу айыбы менен кармалган. Мындан тышкары анын айдоочусу, ошондой эле кароолчу, жаштар лидери жана психолог сексуалдык зомбулукка шектелип кармалып, кийин күрөө менен бошотулган.

Зордуктоого айыпталып жаткан кызматкерлердин биринин айтымында, кармалгандан кийин алар кыйноого алынышкан. «Кокон милициясы шектүүлөрдү үч күн бою кыйнады. Жыйынтыгында директордун айдоочусу менен кароолчуну тез жардам кызматы алып кетти. Жаштар лидерин кемсинтип, зордуктоо айыбын мойнуна алууга мажбурлашты», — деди ал.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...