ТИМ студенттердин визасы боюнча Кытай элчилигине нота жиберди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги виза ала албай жаткан студенттер боюнча Кытай элчилигине нота жиберди. Бул тууралуу мекеменин консулдук кызмат департаментинин паспорт-виза бөлүмүнүн жетекчисинин кеңешчиси Сагын Ибраев “Азаттыкка” билдирди.
- Виза ала албай жаткандар окууга өз алдынча тапшырган студенттер. Биз элчилик менен сүйлөшүп, келишимге келгенбиз. Анда Билим берүү жана илим министрлиги студенттердин тизмесин топ-топ кылып бизге жөнөтөт. Андан соң Кытай элчилиги аларга “жашыл коридор” берет. Элчилик “өз алдынча окууга тапшырган студенттер электрондук кезек менен виза алат” деп жатат. Бирок алардын арасында окуусу 30-октябрда баштала турчу студенттер бар экен. Биз маселени чечип бергенге аракет кылып жатабыз.
Ибраевдин белгилешинче, ушуга чейин “жашыл коридор” менен Кытайга миңге жакын студент кеткен.
Буга чейин Кытайдагы окуу жайларына документ тапшырган кыргызстандык 50дөй студент виза ала албай жатканы кабарланган. Алардын айрымдары бир аптадан бери элчиликке жана ТИМге арыз жазып, жооп ала албай жатканын айтып, “Азаттыкка” кайрылышкан.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









