Түркмөнстандын мамлекеттик дарыканаларында баалар эки эсеге кымбаттады
Дарыкана, Ашхабад
Ашхабадда жыл башынан бери дары-дармектин баасы кеминде эки эсеге кымбаттады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.
«Январдан октябрга чейин Ашхабаддагы мамлекеттик дарыканаларда дары-дармектин баалары кыйла жогорулаган. Алсак, "Кавинтон" 65 манаттан (18 долларга жакын) 113 манатка чейин кымбаттаган. "Нистатин" дарысынын баасы 6 манаттан 12 манатка "Пирацетамдыкы" 3 манаттан 12 манатка көтөрүлгөн", - деп жазды басылма.
Маалыматка караганда, дарылардын айрым түрлөрү үч-төрт эсеге кымбаттап кеткен. Ошол эле маалда буга чейин эле берекесиз болгон мамлекеттик дарыканалардын текчелери дагы кыйла бошоп калган.
Буга байланыштуу өлкөдө дары-дармек саткандардын көмүскө базары пайда болгон. Айрым учурларда анда мөөнөтү өтүп кеткен дарыларды кезиктирүүгө болот.
Жеке дарыканаларда дарынын түрү көп болгону менен баалар кыйла кымбат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38