KELECHEK
rek

Жолдубаева: Атамбаев Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет

Жолдубаева: Атамбаев Кыргызстанга сөзсүз кайтып келет

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусиядан Бишкекке кайтып келе турганын "Азаттыкка" билдирди. Ал "Атамбаев качып кетти" деген пикирлерди четке какты:

- "Келет же келбейт" деген талкууларга негиз жок. Алмазбек Атамбаевдин позициясын билесиңер. Ал Кыргызстандан эч кайда кетпейт. Кетүүгө эч кандай себеп да, негиз да жок. 28-октябрда Бишкекке кайтып келет.

Алмазбек Атамбаев Орусияга 22-октябрда кеткен. Анын алдында КСДП мурдагы президент 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катыша турганын, мекенине жекшемби күнү кайтаарын маалымдаган.

Атамбаевдин Орусияга кетип баратканын аны менен бир учакка түшкөн Бишкектин мурдагы Нариман Түлеев социалдык тармактарга жарыялап, экөө чогуу түшкөн сүрөттөрдү да жайгаштырган.

Коомчулукта "экс-президент качып кетти" деген пикирлер күч алган.

20-октябрда "Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылып жүргөн Икрамжан Илмиянов "Алдамчылык" беренеси менен Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, ал УКМКнын тергөө абагына камалган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12