Кыргызстанда жүргөн мыйзамсыз мигранттар 100 миңден ашты
Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын саны 100 миңден ашты. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында сүйлөп жатып “Республика - Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев билдирди.
«Муну айткан себебим – бул жерде чоң коррупциялык схема бар дешет. Тиешелүү органдар аларды калкалап, ошолордун жардамы менен алар жумушун кылып же кандайдыр бир башка иштер менен алектенип жүрүшөт. 100 миң адамдын ар биринен ай сайын 1-2 миң сом алса да 200 миллион сом акча болот», — деди депутат.
Тиллаев Кыргызстандын кылмыш-жаза мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып, өкмөттү ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.
Кыргызстандын өзүнүн миллиондон ашуун жараны учурда чет мамлекеттерде мигрант болуп жүрөт. Ошол эле учурда кийинки жылдары Тажикстандан, Өзбекстандан жана Кытайдан келгендер өлкө ичинде калып, иштеп жатканы, алар көбүнчө курулуш тармагында арзан жумушчу күч катары колдонулуп жатканы айтылып келатат.
Миграция мекемеси депутат Тиллаевдин айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53