Тажикстандын аймактарында тонналаган түшүм кар алдында калды
Тажикстандын бир нече аймагына күтүүсүз кар жаап, дыйкандар түшүмдөрүн жыйноого үлгүрбөй калышты.
Файзабад районунун тургундары 10 күн мурда алма тере башташкан. Бирок кар түшкөнгө чейин болгону 50% гана терүүгө жетишкен.
Жергиликтүү тургундардын бири Тагоймурод Усмонов 17-октябрда кар жаап, коңшу дыйканчылык чарбасында 40-50 тонна алма жыйналбай калганын билдирди. «Картөшкө, буурчак, капуста сыяктуу бардык жер-жемиштер кар алдында калды. Бардык чарбалар чыгымдарын эсептеп жатышат. Мен болжол менен 50-60 миң сомони (6 миң доллардан ашык) чыгым тарттым», - деди ал.
Райондун Калъаи Дашт айылындагы дыйкан чарбалардын биринин төрагасы Насрулло Рахимовдун айтымында, айрым дыйкандар жыйнаган түшүмүн жылуулуп коюуга жетишпегендиктен, алардын көбү үшүп кеткен.
«Биз алма тере баштаганда жаан башталган. Тергендерибизди чогултуп, үстүн жаап койгонбуз. Бирок жаан карга айланып, 15 тоннага жакын алма жоготтук», — деди ал.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, Калъаи Дашт айылында эле фермер 2 миң тоннага жакын алманы үшүтүп жиберишти.
Калың кардан улам бир нече айыл электр жарыгысыз калды. Мындан тышкары айылдарга бара турган жолдордо карт күрткүлөр пайда болду.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38