Өзбекстан: пахта талаасында дагы бир киши каза болду
Иллюстрациялык сүрөт
15-октябрда Анжиян облусунун Боз районундагы пахта талаасында 56 жаштагы тургун Орифжон Солиев каза болду. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашты.
«Биз коңшу талаада пахта терип жатканбыз. Болжол менен эртең мененки саат ондордо Орифтин каза болгондугу тууралуу кабар уктук. Ал коңшу райондогу каржы бөлүмүндө кароолчу болуп иштечү. Пахта талаасына ал 14-октябрда барып, жумушка эртеси чыккан. Бир аздан кийин анын жүрөгү кармап, дароо тез жардам кызматы чакырылган. Бирок келген дарыгерлер ал инфарктан каза болуп калганын айтышты», – деп билдирди күбөлөрдүн бири.
Жергиликтүү медицина бөлүмүнөн Орифжон Солиевдин сөөгү Анжиян облустук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөнүн кабарлашты.
Пахта талаасында иштеп жүргөн жарандардын биринин айтымында, Солиевдин өлүмүнөн кийин жергиликтүү бийлик пахта теримге чыккан бардык адамдарды медициналык текшерүүдөн өткөрө баштады.
Орифжон Солиев быйыл пахта талаасында жүрөгү кармап каза болгон алгачкы өзбекстандык эмес. 10-октябрда Ташкенттин Кибрай районунун 61 жаштагы тургуну Юлдаш Ашуров пахта тере баштаганда жүрөгү кармап каза болгон. Ал жергиликтүү бийлик тарабынан коңшу райондогу пахта талаасына мажбурлап жөнөтүлгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05