
Банктагы акчасын кайтара албаган тажик жараны сотко кайрылды

Тажикстандын Восей районунун тургуну 6 миң долларын кайтарып бербей жаткан «Точиксодиротбонк» менен соттошууда.
Восей районунун Гулобод айылынын 32 жаштагы тургуну Хуршед Махмадиев ушул жылдын мартынан бери банкка салган 15 миң доллар акчасын ала албай келет. Ал бул туурасында жалпы коомчулукка жарыя салгандан кийин банк ага 9 миң долларын кайрып берген. Калган 6 миң доллары качан берилери белгисиз.
Хуршед Махмадиев күтүүдөн тажап, сотко кайрылды. Буга чейин Куляб мамлекеттик университетинин окутуучулары аталган банктан эки айдын айлыгын ала алышпай, сотко даттанышканы белгилүү. Ушул жылдын май айында Тажикстандын Улуттук банкы аталган каржы мекемеге үч айга убактылуу жаңы жетекчилик дайындаган. Бул убакыт ичинде абалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүшү керек. Аталган банк өлкөдөгү жалпы капиталы 5 млрд. доллардан ашкан ири төрт коммерциялык банктын бири болуп саналат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20