Азык-түлүк жетишсиздигинен улам түркмөн жарандары өлкөдөн чыгып кетишүүдө
Азык-түлүк дүкөнүнүн алдында нанга кезек күткөндөр. Ашхабад, 16-октябрь 2018-жыл
Калкты ун жана нан менен камсыз кылуудагы көйгөйлөрдүн көбөйүп жаткандыгына байланыштуу Түркмөнстандын аймактарында жашаган тургундар өлкөдөн чыгып кете башташты. Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы кабарлады.
Маалыматка караганда, акыркы кездери Мары облусундагы райондордо бош калган үйлөр көбүрөөк кездеше баштады. Алардын ээлеринин айрымдары биротоло кетип жатышса, каатчылык шартында мүлктөрүн сатып, акчасын чыгарып кете албагандары өлкөдөн убактылуу чыгып кетишүүдө.
Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, учурда бир айлык норма катары белгиленген биринчи сорттогу 6 килограмм ундун ордуна 5 килограмм ак ун жана 1 килограмм кара ун берилүүдө. Бирок ал дагы биринчи сорттогу ундун баасында — килограммы бир манаттан сатылып жатат.
«Түркмөнстан хроникасынын» белгилешинче, аймактардагы жумушсуздуктун айынан жарандардын көбү бөлүнгөн 6 килограмм унду дагы сатып алууга акча таппай калышууда.
Мамлекеттик дүкөндөргө ун аз санда жана дайыма келип турбагандыктан, адамдар эртелеп эле кезекке тура башташат. Басылманын маалыматына караганда, нан саткан дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөрдүн саны 200дөн ашып кетет. «Алар бир адамга экинден көп эмес нан сатылып жатканына карабастан жетпей калышы мүмкүндүгүн жакшы билишет. Ошондуктан түртүшүүлөр, мушташтар чыгып кетет. Шаарлардагы ири дүкөндөрдөн айырмаланып, полиция кызматкерлери аймактардагы мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына нөөмөткө чыгып, тартипке көз салышпайт», — деп жазды басылма.
Адамдар чет өлкөгө чыгуу үчүн чогулткан акыркы акчасын чыгарып, коңшулары же тааныштарынан карызга алып кетишүүдө. Айрымдарына чет өлкөдөгү туугандары жардам берип, акча салып жиберишүүдө.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13