KELECHEK
rek

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

Москванын борборуна Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду

14-октябрдан 15-октябрга оогон түнү Москванын борборундагы Якиманка районунда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги пайда болду. Бул тууралуу аталган райондук кеңештин депутаты Андрей Морев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Москвага Каримовдун эстелигин тургузууга каршы болуп келген депутат Моревдин айтымында, эстеликти орнотуу иштери шаардыктардан жашыруун түрдө автобус жана полиция унааларынын курчоосунда түн ичинде жүргүзүлгөн. «Алар коркуп түн ичинде иштешти. Эгер коркпогондо жумуштар күндүз деле аткарылмак да», — деп жазды ал.

Быйыл январда Якиманка райондук кеңешиин депутаттары Москвага Ислам Каримовдун эстелигин тургузууга каршы чыгышкан. Change.org сайтында «Москвада Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун эстелигин тургузууга каршы» деген тема менен кол топтоо өнөктүгү башталган. Аны ЛДПР партиясы демилгелеген.

​Петициянын текстинде «Ислам Каримов президент болуп тургунда Өзбекстанда орус тилдүү жашоочуларга карата агрессиялык актылар жасалып, кириллицанын ордуна латын ариби киргизилип, өлкөдөгү Улуу Ата Мекендик согушка арналган бардык мемориалдарды буздурганы» жазылган.

Бирок Москва бийлиги президенттик шайлоо күнү Ислам Каримовго эстелик тургузуу маселеси боюнча референдум өткөрүүгө уруксат берген эмес. Өзбекстандын биринчи президентинин эстелигин орнотуу тууралуу буйрукка Москванын мэри Сергей Собянин 2016-жылы 1-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, айкел 2019-жылдын 31-декабрына чейин Якиманка районунда тургузулушу керек болчу.

Өзбекстанды 1989-жылдан бери башкарып келаткан Ислам Каримов 2016-жылы 2-сентябрда 78 жаш курагында инсульттан каза болгон. Анын сөөгү кичи мекени Самаркандга коюлган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...

ТАРЫХ 2016-05-09  00:45

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13