KELECHEK
rek

Лунара Мамытова кызматтан кетти

Лунара Мамытова кызматтан кетти

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова кызматтан кетти. Өкмөттүн маалыматы боюнча, аны өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Лунара Мамытова өз каалоосу менен кызматын тапшыруу тууралуу арызын өткөн жуманын аягында жазган. Мамытова арыз жазууга кимдир-бирөөнүн басымы болгон-болбогону боюнча комментарий бере албасын билдирген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөрдөгү саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн.

Аида Касымалиева "мамлекеттик кызматкерлер эс алууга чыкканда дипломатиялык паспортторун колдонуп жүрүшкөн" деп билдирген.

Министрдин орун басары Лунара Мамытова өзүнүн дипломатиялык паспортун кызматтык максатта гана колдонуп келгенин, мындай айыптоолорго негиз жок экенин айткан.

Бирок Башкы прокуратура өз иликтөөсүнө таянып, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери дипломатиялык паспортторду жеке иштери үчүн колдонгону аныкталганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12