ЖАЛАЛ-АБАД: КАПИТАЛДЫК САЛЫМДАР АРТЫП БАРАТ
Жалал-Абад шаарында курулуш тармагында капиталдык салымдарды өздөштүрүү көлөмү улам артып баратат. Шаар мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришкендей, өткөн жылы тогуз айда шаар боюнча 145 миллион сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлгөн. Быйыл анын көлөмү кыйла жогорулады.
- Быйылкы жылы тогуз ай ичинде курулуш тармагындагы өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын көлөмү 228,3 миллион сомго жетти. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу 83,3 миллион сомго көптүк кылат. Бул капиталдык салымдарды өздөштүрүү жагынан өсүү темпи өткөн жылга салыштырмалуу 157,4 пайызга алдыга кетти дегендикти билдирет, - дейт жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров.
Ошого жараша шаарда курулган турак жай аянттары да көп болууда. Мисалы, өткөн жылы тогуз айда 6131 чарчы метр турак жай курулган болсо, быйылкы тогуз айда анын аянты 6997 чарчы метрге жеткен, же өткөн жылга салыштырмалуу 866 чарчы метрге көп болуп, өсүү темпи 114,1 пайызды түзгөн.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок
Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...
ЭКОНОМИКА 2016-05-04 17:22
Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду
Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:32
Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды
Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 08:36
Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды
Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Бейлагандагы №1 жана №4...
ЭКОНОМИКА 2016-05-05 17:01
АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт
Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....
ЭКОНОМИКА 2016-05-06 17:36
Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти
Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 04:25
Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда
Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...
ЭКОНОМИКА 2016-05-11 17:38