Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
2-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси эки жылдан бери дайындала элек болчу. Акыркы жолу 2016-жылы Эсенгул Өмүралиев элчиликти тапшырып берген соң кыргыз бийлиги бул өлкөгө элчи дайындабай келген.
Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн. Акыркы кезде ал Тышкы иштер министрлигинде Азия жана Африка боюнча департаментин жетектеп келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









