KELECHEK
rek

АКШ Киевге каржылык жардам көрсөтөт

АКШ Киевге каржылык жардам көрсөтөт

Ак үй ушул жылдын аягына чейин Украинага 220 миллион доллар каражатты экономикалык, саясий жана энергетикалык реформаларды жүргүзүү үчүн берет.

Бул туурасында АКШ вице-президенти Жо Байден менен Украина премьер-министри Владимир Гройсмандын телефондук сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Ак үй мындай жардам Украинага “демократиялык институттар менен мыйзам үстөмдүгүн, туруктуу өнүгүүнү бекемдөө”, ошондой эле “гуманитардык муктаждыктарга жооп кайтаруу” үчүн керек экендигин билдирди. Ак үй таркаткан билдирүүгө караганда, Гройсман бажы жана укуктук системаны реформалоо аркылуу коррупция менен күрөшүүгө, Конституцияга киргизилген түзөтүүлөрдү ишке ашырууга белсенгендиги белгиленген. Ошондой эле, көз карандысыз ММК менен жарандык коомду колдоону арттырууга, өкмөттүн ишин өркүндөтүүгө жана мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга жарандарды көбүрөөк катыштырууга умтулат.

Өз кезегинде Гройсман энергетика тармагын реформалоого, анын ичинде Европа биримдигинин стандарттарына ылайык газ менен электр энергиясынын атаандаш рынокторун түзүүгө чечкиндүү кирише тургандыгын билдирди. Бул үчүн ал энергия ресурстарын ташып келүүнү диверсификациялап, коммуналдык энергетикалык ишканаларды менчиктештирмекчи.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12