Трамп: Хейли БУУдагы элчилик кызматтан жыл соңунда кетет
Президент Дональд Трамп АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин кызматтан кетүү өтүнүчүн кабыл алганын ырастады. Трамп Ак үйдө Хейлинин өзү менен жолугуп жатып билдиргендей, ал БУУдагы элчилик кызматтан жыл аягында кете турган болду.
Бирок Хейлинин кызматтан кетүүсүнүн себептери айтылган жок. Трамп аны жолугушууда “өзгөчө адам” деп сыпаттап, бирге “көп көйгөйлөрдү” чечишкенин белгиледи.
Хейли болсо жолугушууда анын жумушу дүйнөлүк аренада Американы коргоо болгонуна токтолду.
Индиялык иммигранттардын кызы, Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору, 46 жаштагы Никки Хейли Республикалык партиянын жанып келаткан жылдызы, 2020-жылдагы шайлоого ыктымал талапкерлердин бири катары да каралууда. Бирок Хейли Трамп менен жолугушуу учурунда “2020-жылдагы шайлоого катышпайм”, - деп билдирди.
АКШнын БУУдагы элчисинин кызматтан кетери жөнүндө жарыя Конгресске келерки айдагы шайлоо алдына туш келди. 6-ноябрдагы шайлоодо Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү шайланат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52









