Башкы прокуратура: министр Исакунова уруксатсыз АКШга барган
Социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 2017-жылы премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен АКШга барганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура өз текшерүүсүнүн жыйынтыгына таянып билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, Исакунова былтыр 6-9-ноябрда эмгек өргүүсүндө болуп, алгач АКШга, андан соң Аргентинага барган. Мындан сырткары, өкмөттүн каршылыгына карабай Таалайкүл Исакунова былтыр Санкт-Петербургдагы жыйынга катышып келген.
Ошондой эле Башкы прокуратура жакында жаңжал менен иштен бошотулган социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова Ирандагы жана Түштүк Кореядагы сапарында дипломатиялык паспортту жеке иштери үчүн колдонгонун кабарлады.
Башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 2017-жылдан быйылкы жылдын сентябрына чейин Социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилери 26 жолу чет өлкөгө сапарга чыгышкан. Алардын ичинен министр Исакунова тогуз жолу, орун басарлары Зууракан Каденова он жолу, Лунара Мамытова үч, Жылдыз Полотова төрт жолу сапарга чыккан.
Чет элдик сапарга чыккан соң аталган жетекчилер эрежеге ылайык Тышкы иштер министрлигине маалымат берген эмес, ал эми Таалайкүл Исакунова жана Лунара Мамытова дипломатиялык паспортун тапшырган эмес.
Буга байланыштуу Башкы прокуратура кыргыз өкмөтүнө жогорудагы мыйзам бузулган учурларга байланыштуу чара көрүү боюнча сунуш киргизген.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө саякаттарын текшерүү зарыл" деп билдирген. Анын айтымында, катардагы адистер чакырылган иш-чараларга министр жана анын орун басарлары өздөрү барып жүрүшкөн. Социалдык өнүгүү министрлиги бул маалыматты четке кагып келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт
Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:55
Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты
Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...
CАЯСАТ 2016-04-27 09:59
Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти
Өлкөнүн Коргоо кеңеши КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:06
Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда
Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:33
Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет
1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...
CАЯСАТ 2016-05-02 11:48
Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты
Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...
CАЯСАТ 2016-05-02 22:06
"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти
30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...
CАЯСАТ 2016-05-04 15:12









