Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелди
Бишкекте "Кыргыз Республикасындагы кыйноолордун укуктук, медициналык жана социалдык кесепеттери" деп аталган изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.
Изилдөөнүн жыйынтыгында кыйноого туш болгон адамдын материалдык чыгымдары эсептелип чыккан. Ага ылайык, кыйноого кабылган адамдын алган жараатына жараша чыгымдар бөлүнгөн.
Мисалы, жабык жайда зордук-зомбулукка дуушар болуп, оор жараат алган адам бир жылда 4 миллион сомдон ашык каражатты дары-дармек, дарылануу жана башка чыгымдарга жумшаса, мамлекет тарабынан 2 миллион 600 миң сомдон ашык чыгым келет.
Изилдөө авторлорунун айтымында, жыл сайын кыйноолорго дуушар болгондорго миллиондук кенемте төлөнөт.
Ошол себептен кыйноолордун курмандыгы болгондордун жана коомдун экономикалык кесепеттерин эсептеп чыгуу муктаждыгы келип чыккан. Айрым эксперттердин айтымында акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазган.
Изилдөө "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен Кыргыз Республикасынын Кыйноолорго каршы борбору тарабынан жүргүзүлдү.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









